ТИМ: Москва облусунда өлтүрүлгөн кыргызстандык кыздын иши элчиликтин көзөмөлүндө

Кыргызстандык кыздын өлүмүнө шектүү. Сүрөт: Москва облусуна караштуу тергөө комитети

ТИМдин басма сөз кызматы Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва облусундагы 19 жашар кыргызстандык кыздын өлүмүн жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.

Москвадагы Тергөө комитетинин маалыматына караганда, окуя 6-августта Мытищи шаарында болгон.

«Колуна бычак көтөргөн белгисиз киши жаш кызга кол салып, колундагы сумкасын жулуп качууга аракет кылган. Жабырлануучу каршылык көрсөткөндө киши аны чачтан кармап, далы жагына 9 жолу бычак сайган. Кыз жеринен дароо каза тапкан», — деп билдиришти тергөө комитетинен.

46 жаштагы шектүү кылмыштын изи сууй электе кармалган. Ал эми тергөө учурунда ал күнөөсүн мойнуна алып, Москванын ТИЗОсуна киргизилген.

ТИМден тергөө үчүн 11 экспертиза дайындалганын кошумчалашты. Жабырлануучу катары маркум кыздын энеси аталды. Ведомство анын укуктарын коргоонун үстүнөн иштеп жатат жана юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.