Кыргыз-орус мамилеси. Марипов менен Орусиянын өкмөт башчысы жолукту

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 20-августта Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен кыргыз-орус мамилелеринин өнүгүшүн талкуулады. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Марипов менен Мишустиндин жолугушуусу Ысык-Көлкө өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында болду. Өкмөт башчылары энергетика, транспорт жана өнөр-жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Мариповдун айтымында, азыркы учурда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-сатыкты калыбына келтирүүдө оң динамика байкалууда.

«Биз ушул жылдын январь-июнь айларында 1 млрд 5,5 млн долларды түзгөн жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5%га көбөйгөн эки тараптуу товар жүгүртүүнү андан ары жогорулатууга басым жасоо менен активдүү биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даярбыз», — деп билдирди Марипов.

Ошондой эле, Марипов Кыргыз-орус өнүгүү фондунун экономикалык иштери Кыргызстанга Орусиядан жаңы инвестициялардын келишин шарттайт деп үмүт кылат. Мишустин өз кезегинде Орусия Кыргызстан менен мамилелерин өнүктүрүүгө кызыктар экенин айтып өттү.

Аны менен катар, «Спутник Кыргызстан» басылмасынын маалыматына караганда, ушул эле жолугушууда Мишустин Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттамдардын саны жумасына 7 жолуга чейин көбөйтүлөрүн айткан.

Кыргызстандан Орусиянын бир катар шаарларына учуулар жанданат: Новосибирск, Красноярск, Казань, Екатеринбург, Иркутск жана Грозный. Бул шаарларга жумасына бир жолу учууга болот.

Андан тышкары, Мишустин Кыргызстанда расмий тил макамына ээ болгон орус тили улуттар аралык ынтымакка оң таасирин берип жатканын кошумчалады.