Садыр Жапаровдун божомолу: Өлкө экономикасы 2023-жылга барып калыбына келет

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада ЕАЭБге мүчө өлкөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров 20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаровдун айтымында, COVID-19дун пандемиясы экономикалык активдүүлүктүн төмөндөөсүнө эле эмес, экономикалык өсүштүн жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода ыргагынын басаңдашына дагы алып келген.

«Биз өлкө экономикасынын пандемияга чейинки деңгээлине 2023-жылы келет деп божомолдоп жатабыз. 2021-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү экономикалык активдүүлүктүн калыбына келгенине жараша 3,8 пайызды түзөт. 2022-2023-жылдары ИДПнын орточо эсеп менен 4,4 пайызга чейин өсөрү божомолдонууда», — деди Жапаров.

Ошону менен бирге, президент бул божомол коронавирус инфекциясын жуктурган жаңы учурлардын кыскарышын, саясий туруктуулукту жана соода шарттарынын жакшырышын прогноздойт деп кошумчалады.

Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн алдында сүйлөп жатып Евразия биримдигинин бардык мүчө-мамлекеттери үчүн өтө маанилүү болуп келаткан бир нече маселе бар экенин дагы айтты. Өлкө башчысы ЕАЭБ өлкөлөрү биримдиккке кирген мамлекеттерде коронавируска каршы вакцина өндүрүү мүмкүндүгүн карап чыгуусу керек деп эсептейт.

Ошондой эле, ал ЕАЭБ рыногун жөнгө салууну күчөтүү үчүн 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграциянын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.