COVID-19: Акыркы суткада беш киши каза таап, 248 жаңы учур катталды

Республикалык штаб 21-августта өлкөдө коронавирустун 248 жаңы учуру катталганын маалымдады. Инфекциянын эң көп учуру борбор калаада аныкталды.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 121;

Чүй облусунда — 51;

Ысык-Көл облусунда — 25;

Нарын облусунда — 9;

Талас облусунда — 6;

Баткен облусунда — 16;

Ош облусунда — 6;

Ош шаарында — 1.

Жалал-Абад облусунда — 13;

Ошондой эле өткөн суткада 492 бейтап айыгып, беш киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 173 676 кишиге жетти. Жалпы коронавирустан жана ооруканадан тышкаркы пневмониядан 165 860 бейтап айыгып, 2 478 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 451 бейтап ооруканаларда, 2 467 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.