COVID-19: Акыркы суткада алты бейтап каза болуп, 244 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 22-августка карата коронавирус жуктуруунун 244 жаңы учуру катталып, алты адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

  • Бишкек шаарында — 137;
  • Чүй облусунда — 45;
  • Ысык-Көл облусунда — 28;
  • Баткен облусунда — 12;
  • Жалал-Абад облусунда — 7;
  • Талас облусунда — 6;
  • Нарын облусунда — 4;
  • Ош шаарында — 3;
  • Ош облусунда — 2. 

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 173 920га жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 448 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен өлкө боюнча 166 308 киши оорудан айыкты. Учурда ооруканаларда 1 405 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 2 299.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган алты бейтап каза болду. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери илдеттен жалпы 2 484 киши көз жумду.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 22-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 634 миң адам, ал эми экинчи дозасын 352 миң адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.