ТИМ: Германия COVID-19’га каршы 110 миң доза вакцина берет

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы ведомство башчысы Руслан Казакбаев 20-августта Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы жаңы элчиси Габриэла Геллилди кабыл алганын билдирди.

Жолугушууда өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Габриэла Геллил жана Руслан Казакбаев. Сүрөт: ТИМдин басма сөз кызматы

Жолугушуу учурунда элчи «эки тараптуу кызматташтыктын алкагында» Германиянын өкмөтү COVAX механизми аркылуу Кыргызстанга 110 000 доза вакцина бөлүп берерин билдирди.

Бирок Германия так кесе кандай вакцина бере турганы айтылган жок. Ал эми элчи вакцинаны жеткирүү маселеси өзүнчө талкууланат деп кошумчалады. Мурдараак сентябрга жакын Кыргызстанга Sinopharm’дын кезектеги партиясы келери, ал эми күздү ортолоп өлкөгө Pfizer/BioNTech америка-немис вакцинасы алып келинери кабарланган.

Кыргызстандагы эмдөө

Учурда кыргызстандыктарга вакцинанын үч түрү жеткиликтүү: Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik V жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары. Ошондой эле, өлкөгө гумжардамдын алкагында Казакстандын QazVac вакцинасы келген.

Ал тургай Кыргызстан аны каттоого алган, бирок азырынча аны менен жарандарын эмдеп баштай элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 23-августка карата өлкөдө вакциналардын калдыгы 2 млндон ашык дозаны түзөт.

Кыргызстанда калкты эмдөө өнөктүгү 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок, анын активдүү фазасы 12-июлда, өлкөгө Кытайдын Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы келгенден кийин жана коронавирустун үчүнчү толкунунун шартында башталган.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 23-августка карата вакцинанын биринчи дозасы 635 миңден ашык, ал эми экинчиси 365 миң адамга сайылган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 174 миңден ашуун учуру катталган. Жалпы 2 489 адам каза болгон.