Токио Олимпиадасынын байге ээлери менен катышуучулары сыйланды

Президент Садыр Жапаров 23-августта Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын байге ээлери менен катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Олимпиаданын үч жеңүүчүсүнө машина, мамлекеттик жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов экинчи даражадагы «Манас» ордени, 10 млн сом жана Тойота RAV 4 унаасы менен сыйланды. Ал эми коло медалдын ээси Мээрим Жуманазаровага үчүнчү даражадагы «Манас» ордени, 7 млн сом жана Тойота RAV 4 унаасы тапшырылды.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында өлкө атынан катышкан башка спортчулар менен машыктыруучу штабдын мүчөлөрүнө дагы акчалай жана мамлекеттик сыйлыктар берилди.Өлкө башчысы куттуктоо сөзүндө спортчуларга өзүнүн жана бардык күйөрмандардын айтынан ыраазычылык билдирди.

«Сиздер багындырган ийгиликтер, дүйнөлүк деңгээлдеги сиздер камсыз кылган жеңиш албетте, эчендеген спортчуларыбыздын, миллиондогон мекендештерибиздин жүрөгүн толкундантып, көкүрөктөрүндө оргуштаган сыймыктануу сезимдерин жаратты», — деди Жапаров.

Ошол эле учурда президент «2024-жылдагы Париж Олимпиада оюндарында биринчи орундарды камсыз кылуу — жалпы максатыбыз» деп белгиледи.

«Спортчуларыбыз бир алтын гана эмес, бир нече байгелүү орундарды жеңе аларына бекем ишенем. Мамлекет тарабынан спортчуларыбызга эл аралык спорт майданында ийгиликтерди жаратуусу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө бардык күч-аракеттер жумшалат деп ишендире алам», — деди Жапаров.

Кыргыз атлеттери Олимпиадада үч медалды багындырган: Мээрим Жуманазарова коло, Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов — күмүш.

Бул кыргыз спортчуларынын өлкө эгемендик алгандан берки эң мыкты жыйынтыктары.