Чүй: 46 жаштагы киши 11 жашар кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелип жатат

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Аламүдүн районунун 46 жаштагы тургуну 11 жашар кызга ыплас аракет жасоого шектелип жатат. Жабырлануучунун ата-энеси милициянын иш-аракетине нааразы.

Соцтармактарда жабырлануучунун апасы коомчулукка кайрылып, милиция шектүүнү сурактан кийин коё бергенин айтып окуяга кайдыгер карабоого чакырды.

Анын айтымында, кызы чоң энесинин Эне-Сай конушундагы үйүнөн чыгып, Алма-Ата көчөсүндөгү аялдамада маршруттук такси күтүп жатканда белгисиз киши келип токтоп, Аламүдүн базарына чейин барарын айткан. Кыз ишенип маршруткага отурган.

«Жолдо бул акмак аны оозунан өөп, төшүн жана санын ортосун кармалаган. Ошондой эле ал кызды “Шоро” заводу тарапка алып кеткиси келген! Кайсы бир учурда айдоочу бурулуп жатканда кызым эшикти дароо ачып, качууга үлгүргөн!» — деп жазды ал.

Жабырлануучунун апасы милиция анын кызын түнкү саат бирге чейин суракка алып, өспүрүм «алдап жатышы мүмкүн деп да айтышты» дейт.

«Биз жана кызым эмне сезип жатканыбызды элестете аласызбы? Биз кылмыш жасагансып [милиция] түнкү саат бирге чейин кармашты!» — деп жазды ал.

Өспүрүм кыздын апасы шектүүнү тууганы «акча берип, аны чыгарып кетти» деп эсептейт. Ошондой эле жабырлануучу тарап алардын үйүнө «белгисиз эжелер келип», «кырсык болуп калыптыр» деп жарашууга аракет кылып жатышканын кабарлады.

Милиция эмне дейт?

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 19-августта Бишкектин Свердлов РИИБисине жергиликтүү тургуну арыз менен кайрылган. Анда бир күн мурда белгисиз киши «11 жаштагы кызына ыплас иштерди жасады» деп кабарлаган.

Териштирүү маалында окуя Аламүдүн районунуда болгону аныкталып, иш Аламүдүн РИИБисине өткөрүлүп берилген.

Милиция «Ыплас аракеттер» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, анын алкагында 46 жаштагы киши кармалган. Бирок ал кылмыш жасаганын моюндаган эмес. Анын көрсөтмөсү боюнча аталган күнү өспүрүм кыз аны Аламүдүн базарына жеткирүүнү суранган. Бирок ГЭС-2 тарапта жол тыгыны орун алгандыктан кызды түшүрүп, башка жол менен кеткенин айтат.

«Ошону менен бирге эркек киши кыз менен болгону 5 мүнөттөй гана жол жүргөнүн белгилеп, ага тийишпегенин жана аны менен сүйлөшпөгөнүн айтат», — деп билдиришти Чүй ОИИБиден.

Ал эми жабырлануучу кыз сурак маалында шектелип аткан киши ага ыплас аракеттерди жасаганын тастыктаган. Милиция кызга жана шектүүгө соттук-психологиялык экспертиза дайындады.

Үстүбүздөгү жылдын январында Ички иштер министрлиги Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган жаш балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккендигин билдирген.

Маалыматка ылайык, жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болот. Мындан улам ИИМ ата-энелерди балдарын эркек кишилер менен жалгыз калтырбагыла деп кеңеш берет. Ким болбосун, алысырак туугандар болсо деле ушул эрежени балдарга үйрөтүү керек.