Кыргыз спортчулары Токиодогу Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты

Кыргызстандын курамасы 24-августта XVI Паралимпиада 2020 жайкы оюндарынын ачылыш аземине катышты. Мелдеш Токиодо старт алды.

Кыргызстандын туусун паралимпиадачы Арыстанбек Базаркулов көтөрүп чыкты.

Кыргызстандын курамасы Паралимпиада 2020 оюндарында. Сүрөт / «Кабар» МА

Паралимпиада оюндары 24-августтан 5-сентябрга чейин уланат. Анда 162 командадан болгону 4 403 спортчу, спорттун 22 түрү боюнча катышат.

Паралимпиадада Кыргызстандын намысын эки спортчу коргойт. Арыстанбек Базаркулов ядро түртүү боюнча таймашка чыгат, ал эми Хайитхон Хусан кызы көзү азиз спортчулар арасында 57 кг чейинки салмакта пара-дзюдо боюнча күч сынашат.

Хайитхон Хусан кызы 28-августта, Бишкек убактысы боюнча 13:30да, ал эми Базаркулов 4-сентябрда саат 12:35те беттешет.