УКМК: Төрт жыл издөөдө жүргөн Талас шаардык кеңешинин экс-депутаты кармалды

Талас шаары

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Талас шаардык кеңешинин экс-депутаты «Ж.Сны» кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан 25-августта кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет өлкөлүк инвесторлордон 7 млн сомду ыйгарып алган. Мындан улам ага Ички иштер министрлиги издөө жарыяланган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүүнү УКМКнын тергөө абагына 18-октябрга чейин киргизди.

«Ж.С.» инициалдарына Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Самидин Жоробеков туура келет. Ага карата төрт жыл мурун «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгондон кийин ал издөөгө жарыяланган.

Шаардык кеңештин ошол учурдагы төрагасы Мирлан Эсенкулов «Азаттыкка» курган маегинде Жоробеков Таласта кара өрүктү кургатуу боюнча кичи завод курууну көздөгөнүн билдирген. Эсенкуловдун айтымында, Жоробеков бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Түштүк Кореядан жабдыктарды сатып алышы керек болгон, бирок дайынсыз болуп кеткен.

Ал эми атын атагысы келбеген депутат Жоробеков «көп кишиге карыз» болуп жүргөнүн билдирген.