Бишкекте депутат Искендер Матраимовдун кызынын үлпөт тою өттү

25-августта Бишкектеги «Ала-Тоо» тойканасында Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун кызынын улпөт тою болуп өттү. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Журналисттердин маалыматына караганда, күйөө баланын атасы дагы Жогорку Кеңештин депутаты.

«Кудалар Талас облусунан. Жаш түгөйлөр студенттер, борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде окушат», — деп жазды 24.kg маалымат агенттиги.

Ошол эле «Ала-Тоо» тойканасында 21-августта Искендер Матраимов кыз узатуу тоюн өткөргөн. Салтанатка Аалы Карашев, Гүлкан Молдобекова, Алмазбек Токторов, Жылдыз Мусабекова жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баш болгон бир катар депутаттар жана саясатчылар катышкан.

Искендер Матраимов деген ким?

Искендер Матраимов — бажы кызматынын төрасынын мурдагы орун басары, коррупцияга катыштыгы бар экенин мойнуна алган Райымбек Матраимовдун агасы. Райымбек Матраимов «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнүн негизги фигуранты.

2015-жылы парламенттик шайлоодон кийин Искендер Матраимов Жогорку Кеңешке бийликчил КСДПнын курамында келген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ал Матраимовдун кланы менен байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.

«Мекеним Кыргызстан» бийликчил «Биримдик» партиясы сыяктуу эле парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Шайлоого чейинки агитация учурунда партияларга шайлоочулардын добушун сатып алуу жана башка мыйзам бузуулар боюнча бир нече жолу айып тагылган.

Бул эки партиянын жеңиши 2020-жылдын октябрындагы өлкөдөгү саясий кризистин жана бийлик алмашуунун негизги себептеринин бири болгон.