Марипов: Кыргызстандын экономикасында оң жылыш байкалууда

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 25-августта акыркы жети айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономкасында алдыга жылуу бар экенин билдирди. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Улукбек Марипов министрлер кабинетинин жыйынында. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, азыркы убакта товарларды маркалоо ишке киргизилди, бул бюджетти салык кирешеси менен толтурууга тийиш.

«Быйыл бюджеттик каражаттын тартыштыгына, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө кеткен чыгымдарга карабастан, биз бир катар салыктарды төлөөдөн бошотуу жана салыктык жеңилдиктерди түзүү боюнча белгилүү кадамдарды жасадык. Бул аракеттерди президент да колдоду. Экономикалык жана фискалдык саясаттагы айрым чаралардын натыйжасында салыктын ар бир түрү боюнча салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 20дан 40%га чейин жогорулады», — деп билдирди Марипов.

Минкабдын төрагасы 2021-жылы медицина, аскер жана маданият кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулаганын кошумчалады.

Бирок, Улуттук статкомдун маалыматына таянсак экономиканын төмөндөөсү уланууда. Ага ылайык, 2021-жылдын январь-май айларына карата Кыргызстандын ички дүң продукциясы өлкөдө карантин чаралары киргизилген былтыркы жылга салыштырмалуу 1,6%га ылдыйлаган.