Орусия Ооганстандан кыргыз жарандарын эвакуациялоого жардам берди

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы талибдер бийликке келгенден кийин Ооганстандын аймагынан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды Кант шаарынын аэродромуна жеткиргенин билдирди.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Орусиянын жарандарын эвакуациялоо үчүн барган аскер ташуучу учак менен кыргызстандыктар дагы кошо келди. Ведомствого бир гана Орусиянын эмес, ЖККУга мүчө мамлекеттердин (Кыргызстан, Тажикстан, Белорус) жарандарын жана Украина менен Өзбекстандын тургундарын дагы эвакуациялоону президент Владимир Путин тапшырган. Кабулдан жалпы 500дөн ашуун адам чыгарылды.

Республиканын ТИМнин маалыматына караганда, «Кабул-Кант» багыты боюнча 25-августта Ооганстандан «10 кыргызстандык эвакуацияланды, арасында жаш балдар дагы бар». Ушуну менен жалпы Кыргызстандын 36 жараны эвакуацияланды.

«Талибан» кыймылынын Оганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын Оганстанды басып алуу аракети май айынан тартып августка чейин созулду. Талибдер АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери Ооганстандан чыгарылып жатканда чабуул койгон.

Анын кесепетинен талибдер 15-августта Кабулду басып алып, жалпы Ооганстанды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Өлкөнүн президенти Ашраф Гани «кан төгүүгө жол бербеш үчүн» өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ, Сауд Арабия жана Германия өзүнүн дипломаттарын эвакуациялаган. Ал эми Орусия элчиликти Ооганстандан чыгаруу кажет эмес деп билдирген. Ал эми кыргыз бийлиги өз жарандарын Ооганстандан эвакуациялап жатат.

«Би-Би-Синин» маалыматына ылайык, «Талибан» кыймылы август айынын ортосуна чейин Ооганстандын 33 провинциясындагы 391 районду көзөмөлгө алды. Ал эми июль айында өлкөнүн 90 гана району талибандын көзөмөлүндө болчу.

Ооганстанда «Талибан» кыймылы алардын бийлигин тааныбай турган топтун каршылыгына дуушар болду. «Талибанга» каршылык көрсөтүү тобу Панжшер провинциясында жайгашкан. Бул жер талибандын көзөмөлүнө өтө элек жазгыз аймак. Аталган топту аскер кол башчы, маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт.

Ал арада «Талибан» кыймылы аталган топтун Панжшердеги турган жерин курчоого алганын айтууда.

23-августта «Талибандын» жетекчилери жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоого киришип, бул боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын билдирди.