ТИМ: Ооганстандан дагы 15 кыргызстандык эвакуацияланды

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ооганстандан дагы 15 кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирди. Буга чейин Ооганстанда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 9 кыргызстандык чыгарылган.

Мекемеден кошумчалашкандай, министр Руслан Казакбаев казак кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөшүп, «эвакуацияга кошкон салымы үчүн» ага ыраазычылык билдирди.

Мурдараак Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов эвакуацияланган кыргызстандыктар Алматыга жеткирилерин айткан болчу.

Мурдараак ТИМ элчиге таянып, аталган өлкөдө 20 кыргыз жараны бар экенин, алар 21-августта эвакуацияланаарын билдирген. Элчинин айтымында, алардын баары кызмат көрсөтүү тармагында иштегендер.

«Талибан» жоочуларынын Оганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышты.

Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Өлкөдөн качкандан кийин бир нече сааттан соң ал «кан төгүүгө жол бербеш үчүн» өлкөдөн чыгып кеткенин жазган фейсбук барагында. Бүгүнкү күнгө чейин анын жүргөн жери белгисиз.

Бул маалыматтын шартында, бир катар өлкөлөр Кабулдан элчилери менен элчиликтеги кызматкерлерин эвакуация кыла баштаган.

Өз жарандарын эвакуация кылуу тапшырмасын президент Садыр Жапаров дагы берген.