Урмат Самаев Токмок шаарына мэр болуп шайланды

Парламенттин мурдагы депутаты, «Чемпион» каймана аты менен белгилүү Урмат Самаев Токмак шаарына мэр болуп шайланды. Токмоктун экс-мэри Канат Исаевдин «Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлгөн талапкерди шаардык кеңештин 19 депутаты колдоду. Калган 11 депутат экинчи талапкер Кубатбек уулу Азатка добуш беришти.

Самаев буга чейин да Токмок шаарынын мэри болууга аракет кылган, ал эми 2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Самаевдин ысымы бир нече чуулгандуу иштерде аталган. 2020-жылдын октябрындагы саясий кризис учурунда депутат Аида Касымалиева Самаев аны Садыр Жапаровду колдобогону үчүн коркутканын айтып чыккан. Анда Самаев парламенттеги кесиптеши калп айтып жатканын баса белгилеген.

2019-жылы январда Токмок шаарына жакын жердеги күйүүчү май ташыган аткезчилердин атышуусунда да Самаевдин аты аталган. Экс-депутаттын позициясы улам алмашып турган — адегенде ал атышуу болгон күнү Токмокто эмес, Кеминде жүргөнүн айткан, кийин акыры Токмок шаарында болгонун мойнуна алган. Ал окуяда жабыркагандардын бири ага Дастан аттуу Жогорку Кеңештин «Чемпион» каймана аты бар депутатынын тууганы ок чыгарганын билдирген.

«Мен Чоң-Кеминде болчумун. ЖМКлар мен жөнүндө жазып жатканын мага чалып айтышты, бирок өзүм окуган жокмун. Мага кызык эмес. Ага эч кандай тиешем жок», — деп билдирген ал «Акипресске».

Кийинчерээк, депутат атышуу учурунда Токмокто болгонун жана «тараптарды элдештиргенин» мойнуна алган, ал эми атышуунун катышуучусу Аскат Үсөнов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, «жардам сурап жана депутат Самаевден коргоп калууну» өтүнгөн.

Мындай өтмүшүнө карабай, ошол эле жылдын июнь айында, ок атышуудан көп өтпөй Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.