Бишкекте милиция өспүрүмдү кыйнап кылмышты мойнуна алдырганы айтылды

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору адам өлтүрүүгө шектелип кармалган 16 жаштагы өспүрүм Бишкектин Свердлов РИИБинде кыйноого алынганын айтып бергенин билдирди.

Алардын маалыматына таянсак, кармалган бала кыйноого алынып, аргасыздан кылмышты мойнуна алган. Бул окуя тууралуу Улуттук борборго шектүүнүн атасы кайрылып, окуя тууралуу айтып берген.

«Жашы жете элек бала адам өлтүрүүгө шектелип жатат. Кыйноодон улам көз жумган эки аялдын сөөгү 2021-жылы 12-майда Бишкек шаарынын аймагынан табылган», — деп билдиришти борбордон.

Андан соң кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери ЖАМКтын №14 тергөө изоляторунда кармалып жаткан өспүрүм менен жолуккан. Ал 12-май күнү Бишкектин Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунан кармалганын айтып берген.

«Өспүрүмдүн айтымында, милиция кызматкерлери аны Чоң-Өрүктү багында кыйнашкан. Кылмышты мойнуна алдыруу үчүн кабыргаларына уруп, башына хлор салынган целлофан кийгизип, тырмактарынын алдына ийне сайгылашкан. Андан соң унаанын жүк ташуучу бөлүгүнө салып Бишкектин Свердлов РИИБне алып келишкен», — деп билдиришти укук коргоочулар.

Өспүрүм милиция бөлүмүнө жеткирилган соң кыйноолор уланган. Коркутууга тапанча колдонулган.

«Ал көрсөтмө берүүдөн баш тартканда, опер кызматкерлери атасына баңгизат салып камайбыз деп коркутушкан. Ушундан кийин өспүрүм өзү жасабаган адам өлтүрүү кылмышын мойнуна алган», — деп кошумчалашты борбордон.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун билдирүүсүнө чара көрүп, прокуратурага сурам жөнөтүлгөнүн «Клоопко» билдирди.