Маданият министрлиги: Тарых музейи Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылабы-жокпу белгисиз

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине Тарых музейи 31-августка карата ачылар-ачылбасы азырынча аларга белгисиз экенин кабарлады.

«Бизге азырынча так күнүн айтыша элек», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Дагы караңыз: Өгөйлөнгөн маданият: Бийликтин шалаакылыгы тарыхый мурастарды кантип жок кылууда?

Ачылбай жаткан музей

Бишкектеги Тарых музейи 2016-жылы эле реконструкцияга жабылган. Анда оңдоо иштери ашып кетсе бир жарым жылга созулат деп болжонгон.

Бирок арадан беш жыл өтсө да 21,5 млн долларга бааланган реконструкция аягына чыга элек. Бишкектин борборундагы советтик модернизм стилинде курулган даңазалуу музей бүгүн да көрүүчүлөр үчүн жабык турат.

2021-жылдын апрелинде маданият министри Кайрат Иманалиев музейди 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландалып жатканын билдирген. Бирок ошол эле күнү ведомство кайра Kaktus.media басылмасына музей качан ачылары боюнча расмий маалыматтын жоктугун кабарлаган.

2021-жылдын май айында маданият министрлигинен «Клоопко» мекемени ачууга жолтоо болуп жаткан бир катар көйгөйлүү маселелер бар экенин айтышкан.

Бийлик жалданмачы-немис фирмасына бүгүнкү күнгө чейин болжолдуу 226 миң евро карызынан кутула элек. Өлкө ИИМи музейдин коопсуздук системасын дагы азырынча сынап бүтө элек.

Мындан тышкары, музейди IT-камсыздоо маселеси да чечилбей турат.

Муну менен бирге музейди реконструкциялоого байланыштуу коррупция иши дагы анын ачылышына жолтоо болушу мүмкүн.