Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, жаңы рекорд койду

Сууда сүзүү боюнча эл аралык спорт чебери Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өттү. Ал сууда сүзүүнү 22 -августта Караколдон баштап, Балыкчыдан аяктады.

Ысык-Көлдүн узундугу 181 километрди түзөт.

«Владиславга үчүнчү күндө кыйын болду. Катуу шамал менен Ысык-Көлдө көтөрүлгөн толкун кыйынчылык жаратты. Спортчу аба ырайы оңолгуча кемеде күттү. Рекордчуну коштоп бараткан врач анын эки ийини менен чыканак сөөктөрү чоюлганын байкады. Акыркы күндөрдү Шулико ооруганына карабай сүзүүсүн улантты», — деп жазат 24.kg.

Сууда сүзүү учурунда спорт чебери кайыкта эс алып, уктап, ошол жерден тамактанган.

«Дүйнөлү рекорд деп эсептелет […] Эң негизги эреже — эч кандай көмөкчү нерселерсиз — сүзгүчтөр, калактар, тактайлар жана түтүктөрсүз сүзүү, экинчи эреже — катуу жерге (кургакчылыкка) чыкпоо. Тагыраагы, биз сууда сүзүп, кургакчылыкка чыкпашыбыз керек. Моторлуу кайык катуу кыртыш катары эсептелбейт», — деп билдирген спортчу 22-авгутта.

Мурдараак ӨКМ 22-августтан тартып 27-августка дейре Issyk-Kul Swim 181 долбоорунун алкагында спортчуну эки кайык менен беш суучул коштоп жүрөрүн маалымдаган.