Талас: Эгемендүүлүк майрамына арналган иш-чарада каскадёр жаракат алды

Талас облусунда 29-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында «Манас Ордо» улуттук комплексинде «Урааным Манас!» театралдаштырылган салтанаты өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө бир каскадёр жаракат алды.

«Азаттык» аймактык кабарчысына таянып каскадёр оюн көрсөтүп жатып кулаганда ат сүйрөп кеткенин билдирди.

Жаракат алган чабандес ооруканага жеткирилип, анын акыреги сынганы белгилүү болду. Андан сырткары бет териси сыйрылган.

«Урааным Манас!» аталышындагы театралдаштырылган салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, спектаклде кыргыз элинин маанилүү тарыхый эпизоддору, Айкөл Манас, Алымбек датка, Шабдан баатыр, Курманжан датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу мамлекеттүүлүктүн жана көз карандысыздыктын калыптанышына салым кошкон улуу баатырлар жана көрүнүктүү инсандар чагылдырылган.

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү 31-августта белгиленет. 1991-жылы дал ушул күнү Кыргыз ССРнин Жогорку Совети Кыргызстанды көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган.

Буга чейин бийлик Эгемендүүлүк күнүндө өлкө боюнча 40тан ашык иш-чара өткөрүү пландалганын билдирген.