«Кемчиликтер, өксүктөр да болду». Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу

Сооронбай Жээнбеков

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Анын айтымында, Кыргызстан 30 жылда «арбын ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада эгемен мамлекет болуп таанылды».

«Бир эл, бир журт катары сыймыктанчу иштерди аткардык. Аны менен катар кемчиликтер, өксүктөр да болду. Бийлик — дайыма эле эл талап кылган бийиктикте боло албады. Өлкөбүздөгү ийгилик, жетишкендиктер – элдики, кемчилиги – бийликтики болду», — деди Жээнбеков.

Жээнбеков «биз, саясатчылар, элдин, азыркы муундун алдында гана эмес, тарых алдында да жоопкербиз» деп билдирди.

«Аталардын жаркын элесине таазим этүү менен, алар мураска калтырган мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык, элибиздин биримдиги, жерибиздин бүтүндүгү сындуу баалуулуктарды саясий жана пенделик кызыкчылыктардан жогору коюуга милдеттүүбүз! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!» — деп жыйынтыктады ал.

Жээнбеков сөзүнүн аягында мамлекеттик ишмерлерге жана саясатчыларга ийгиликтерди каалады.

Жээнбековдун отставкасы

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгып, Ак үйдү басып алгандан кийин кызматын тапшырган. Анда өлкөдө бир нече күндүк саясий кризис курчуп кеткен.

Жээнбеков бийлигин тапшырып жатып, бийликке жармашпай турганын жана «өлкөнүн тынчтыгы үчүн» ушул кадамга барганын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА: Сооронбай Жээнбеков: «Кадырман элим ар бириңерден кечирим сурайм»

Жээнбековдун отставкасы ошол кездеги премьер-министрдин м.а. Садыр Жапаровдун алгачкы жана негизги талаптарынын бири болчу. 10-октябрда өткөн парламенттин жыйынында Садыр Жапаров Жээнбеков менен жолукканын, ал бир нече күндүн ичинде ордун бошотоорун убада кылганын кабарлаган.

16-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына Жээнбеков келип, анын отставкага кетүү чечими коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынып жатканан билдирген. Ошондой эле «бул туура чечимби же жокпу – тарых жана убакыт таразалайт» деп айткан. Мындан сырткары кызматтан «тынчтыкты сактап калуу максатында кетип жатканын» белгилеген.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы президент болуп келген. Мурдагы Конституция боюнча президент алты жылга шайланган.

Кыргызстанда экс-президент макамына Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековго гана ыйгарылган. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгондон кийин анын экс-президент макамы алынган.