Коронавирустан төрт адам каза болуп, 145 жаңы учур катталды

31-августка карата Республикалык штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 145 жаңы учуру катталып, төрт адам каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 47;

Ысык-Көл облусу — 40;

Чүй облусу — 31;

Баткен облусу —10;

Талас облусу — 7;

Жалал-Абад облусу — 5;

Нарын облусу —3;

Ош шаары — 2;

Ош облусу — 0.

Ошондой эле, акыркы суткада 360 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен өлкө боюнча 169 777 киши оорудан айыкты. Учурда ооруканаларда 1071 бейтап дарыланып жатат. Ал эми 914 адам үй шартында дарыланууда.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган төрт бейтап каза болду. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери илдеттен жалпы 2528 киши көз жумду.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 31-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 4 071 адам, ал эми экинчи дозасын 8 829 адам алды.


Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.