Президент: Татыктуу жашоого алдыдагы беш жылдыкта сөзсүз жеткиребиз

Ала-Тоо аянты. 31-август, 2021-жыл. Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамына карата 31-августта Ала-Тоо аянтында уюштурулган иш-чарада кыргызстандыктарды куттуктады.

Жапаров «отуз кылым ичинде элибиз нечен жолу эгемендүүлүгүн жоготуп, нечен жолу кайра калыбына келген» деп белгиледи.

«Мындан отуз кылым илгери эле тарых барактарында аты алгач аталган байыркы кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү өткөн кылымдын этегинде тагдырдын буйругу менен, жазмыштын куттуу тартуусу катары кайтадан колубузга тийди. Тарыхта татаал тагдырга туш болуп жок болуп кеткен улуттар, мамлекеттер көп болгон […] Мындай элдердин катарын толуктап калбаганыбыз үчүн Жаратканга миң мертебе шүгүрчүлүк!» — деди ал.

Анын айтымында, 1991-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасын көз жарандысыз деп жарыялап, тарыхый улуу кадам жасагандыгын моюнга алууга жана айта жүрүүгө милдеттүүбүз.

Жаңы Конституция тууралуу

Ошол эле учурда президент «Кыргызстан быйыл жаңы редакциядагы Конституцияны кабыл алуу менен элдин колдоосунун негизинде президенттик башкаруу формасына кайтып келди» деп белгиледи. Анткен менен президент «Президенттик башкарууну парламенттик башкарууга каршы коюп жүргөн күчтөр бар» дейт.

«Жаңы Конституция - улуттук мамлекетти чыңдоо, коомдогу баш-аламандыкка чек коюу сыяктуу милдеттерди жүзөгө ашырууга өбөлгө болуп, ошол эле маалда демократиялык багытты улантууга шарт түзөт. Башкача айтканда, демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн тайбайбыз. Баарыбыздын мүдөөбүз, көксөгөн тилегибиз - Кыргызстанды туруктуу өнүккөн, көп улуттуу калкы ынтымакта жашаган, ар бир жараны өзүн бактылуу жана корголуу сезген өлкөгө айлантуу», — деди президент.

Жапаров жакынкы беш жыл аралыгындагы мамлекеттик саясат — «жаңыланган, өнүккөн Кыргызстанды курууга, жарандардын өлкөгө ишенимин, ич ара биримдигин арттырууга, элдин жаратмандык активдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат» деп убадалады.

Ишкерлерди колдоо, социалдык төлөмдөрдү жогоруталуу

Өлкө башчысынын айтымында, бийлик пандемиянын кесепеттерин женилдетүү үчүн чакан жана орто бизнестерге финансылык көмөк көрсөтүүнүн пландарын иштеп чыкты. Чакан жана орто ишканаларга үстөгү жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом (72 миллион доллар) бөлүштүрүлөт.

Андан сырткары, чакан жана орто бизнестерге коммерциялык банктардын кредит беришине шарт түзүү үчүн 24 миллион долларлык гарантиялык фонд түзүлөт.

«Өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сеземин. Анын аМаселен, 2009-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 4000 сомдон көтөрүлө элек экен, октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт», — деп ишендирди президент.

Ошондой эле ал ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатканын айтты.

«Кыскартып айтканда, социалдык колдоого муктаж жарандарыбыздын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, социалдык жөлөк пулдарынын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогорулайт […] Мен сиздерге ишенимдүү түрдө баса белгилеп айта кетейин, Кыргызстаныбыздын ар бир жаранын сапаттуу билим алууга, татыктуу жашоого алдыдагы беш жылдыкта сөзсүз жеткиребиз», — деди Жапаров.