Ош мэриясы жана «Визион» компаниясы Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир белек кылды

Махмудовго батир белек кылуу учуру. Сүрөт: Ош мэриясы

Токио-2020 оюндарынын күмүш медалынын ээси, күрөшчү Акжол Махмудов Эгемендүүлүк күнүн Ош шаарынын тургундары менен борбордук аянтта тосту.

Кечки гала концертте калаа башчысы Алмаз Мамбетов, облус башчысы Зиядин Жамалдинов ага шаардан эки бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлыктарды белек кылышты.

«Мэриянын, облустук администрациянын жана шаардык кеңештин атынан эки бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлыктар берилет», — деди мэр трибунадан.

Калаа бийлигинин атынан балбанга жүз миң сом жана ардак грамота, анын тренерлерине 200 миң сом тапшырылды. Ал эми облус башчысы Зиядин Жамалдинов «өзүбүздүн жана шаардын атынан» деп балбанга 10 миң АКШ долларын берди.

«Бул каражатты ушул эки бөлмөлүү үйүнө эмеректерди алсын деп берип жатабыз», — деди ал.

Соцтармактардын колдонуучуларында Мамбетов тартуулаган батирди чынында ким белек кылды деген суроо жаралды — анткени сертификатта «Визион» курулуш компаниясынын эн белгиси байкалды.

Анын үстүнө калаада «мэриянын жетекчилиги курулуш компаниялар салган көп кабаттуу үйлөрдөн акы алып турат» деген кептер бар. Мындан улам да иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков «экс-мэр Таалайбек Сарыбашов курулуш компаниялардан алган батирлердин бири берилдиби» деп суроо салды.

«Мэр кайсы батирди берди? [...] Негизи эле Сарыбашов курулуш компаниялардан канча батир алган? Канчасын кимдерге берген? Дагы канчасы бар? Отчетун берип койсоңор? Бул мэр да Акжолго берилген батирди шаар казынасынын каражатына сатып алгандай берди го. Боло береби?» — деди ал.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан «Азаттыкка» батирди жергиликтүү компаниялардын бири бергенин айтышып, бирок атын атоодон баш тартышты.

Ал эми «Визион» курулуш компаниясына байланышканыбызда батирди «мэрия менен биргелешип» белек кылышканын ачыкташты. Бирок батирдин суммасынын канча пайызын мэрия төлөп, канчасы компаниянын атынан берилгенин «купуя маалымат» дешти.

«Визион групп» жоопкерчилиги чектелген коомун ишкер Замирбек Орозбаев жетектейт.

Ачык булактардан компания мэрияга караштуу «Алай» футбол клубуна демөөрчүлүк кылганын көрүүгө болот. Ал эми жетекчи Орозбаев буга чейин «шаардын инфраструктурасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн» мэриянын ардак граматосы менен сыйланган.