Бишкекте троллейбус өрттөндү, жүргүнчүлөр жана айдоочу жабыркаган жок

Бишкекте 2-сентябрь күнү эртең менен троллейбус өрттөндү. Бул тууралуу АКИpress басылмасына окуянын күбөсү кабарлады.

Өрт айдоочунун кабинасында башталганы айтылууда.

«Жүргүнчүлөр тез арада чыгып кетүүгө үлгүрүштү, айдоочу рул тараптагы айнектен чыкты. Өрт 5 мүнөттөн кийин өчтү. Кайдыгер эмес айдоочулардын бири токтоп, чака көтөрүп келди. Дагы 3-4 мүнөттөн кийин патрулдук милиция жетип келди, бирок ал кезде баары тынчып калган. Өрттүн келип чыгуу себептерин билбейм», — деп билдирген кырсыкка күбө болгон жаран.