Октябрь райсоту: Жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран ТИЗО-1ге киргизилди

Бишкектин Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 30 жаштагы жаран кармалганын билдирди.

Алтын-Ордо конушунан зордуктоого шектелип кармалган жаран. Сүрөт: Кабар

Тергөөнүн маалыматына караганда, окуя 27-августта Алтын-Ордо конушунда болгон. Шектүү 2003-жылы туулган кызды өзүнүн унаасынын ичинде зордуктаган. Андан соң жабырлануучуну үйүнө жеткирип, өзү изин сууткан.

Аталган факты КЖБРге «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракет» беренеси менен катталган. Издөө иштеринин алкагында милиция шектүүнү кармап, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизген.

Октябрь райондук соту кармалган адамга борбордогу ТИЗО-1ге камакка алуу бөгөт чарасын бекитти. Тергөө иштери уланууда.