«Шаардык кеңештин компетенциясына кирбейт». Бишкекте жол кире тарифин ким аныктайт?

Эмне болуп кетти?

Бишкек шаардык кеңешинин спикери Кубанычбек Конгантиев 2-сентябрдагы жыйында коомдук транспорттогу жол киренин баасын бекитүү шаардык кеңештин депутаттарынын компетенциясына кирбесин билдирди.

«Эмнегедир бул маселени Бишкек шаардык кеңеши карашы керек деген пикир калыптанып калган. Бирок мыйзамдарга ылайык, тарифти бекитүү шаардык кеңештин компетенциясына кирбейт. Биздин андай ыйгарым укуктарыбыз жок», — деди ал.

Ал мэрия менен шаардык кеңештин юридикалык бөлүмүнө, ошондой эле профилдик комиссияга бул маселени мыйзам чегинде кайрадан изилдеп, корутунду берүүнү тапшырды.

Мэрия эмне дейт?

AKIpress маалымат агенттиги мэриянын юристине таянып, тарифтерди өзгөртүү маселеси менен дал ушул, шаардык кеңеш алектенерин жазды.

«Бул токтомдор [Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдагы] жарактуу жана мыйзамдын бир бөлүгү болуп саналат», — деген ал.

Жол кирени көтөрүү маселеси

Борбор калаадагы маршруттук унаанын айдоочулары акыркы жылдар ичинде бир нече жолу иш таштаган. Алар 2012-жылдан бери өзгөрбөй келе жаткан жол кирени көтөрүү талабы менен чыгышкан. Учурда жол кире акысы шаардык троллейбус менен автобустарда 8 сом, ал эми маршрутка менен 10 сомго шаарды кыдырса болот.

Бишкекте автобус менен троллейбустардын жоктугу жана алар миллиндогон жүргүнчүсү бар шаарды камсыздай албагандыгы, маршруттук таксилердин иш таштоосу транспорттук коллапска алып келген.

Айдоочулардын акыркы иш таштоосу июнь айынын башында болгон. Анда Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени жогорулатууну талап кылып, иш ташташкан.

Коомдук транспорттун жоктугунан мэрия троллейбустар менен автобустардын ишин 23:00гө чейин узарткан. Ошондой эле, муниципалитет унаасы бар кызматкерлерин шаардыктарды бекер ташуу үчүн ишке тарткан. Шаар тургундары дагы бири-бирин ташып жүрүштү.

Беш күн өткөн соң маршруттук таксинин айдоочулары иш таштоону токтоткон. Ал эми мэрия жол кирени жогорулатуу маселеси сентябрда, Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы иштей баштаганда чечилээрин билдирген.

2-июнда Бишкектин вице-мэри Русланбек Акылбеков муниципалитетте жол кире маселесин чечүүнүн үч вариантын сунуштаган:

  • тарифтерди өзгөртүүсүз калтыруу;
  • маршрутканын жол киресин 15 сомго көтөрүү;
  • тарифти 19 сомго көтөрүү.

Ошол кездеги мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов тарифтерди өзгөртүү чечимин Бишкек шаардык кеңеши кабыл аларын жана «мэрия бүгүндөн калбай токтом долбоорун депутаттардын кароосуна коерун» билдирген болчу.