Баткенде коронавируска каршы вакцина алууга чакырган 10 күндүк акция башталды

Сүрөт: Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы

Баткен шаарында 2-сентябрь күнү коронавируска каршы эмделүүгө чакырган облустук акция башталды. Ага жергиликтүү медиктер, президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана жарандык активисттер катышты.

Исаков акцияда вакцина алуу зыян эмес экенин айтып, тургундарды өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн вакцина алышы керектигин белгиледи. Ага улай Баткен облустук үй бүлөлүк даарыгерлер борборунун башчысы Арзыбек Бөрүбаев облустун тургундарын эмделүүгө активдүү катышууга чакырды.

Акциянын соңунда катышуучулар «Ковидсиз жашоо», «STOP коронавирус», «COVID-19га жер жүзүндө орун жок» деген лозунгдар менен жөө жүрүшкө чыгышты.

Аталган акция 10 күнгө уланып, Баткен облусунун бардык район-шаарларында, жер-жерлерде өткөрүлөт.

Вакцина алгандардын саны боюнча Баткен облусу 5-орунда — 56 миң 809 киши эмдөөдөн өткөн. Ал эми акция өткөн күнү 653 киши вакцинанын биринчи дозасын, 676 адам экинчи дозасын алды.

Ал эми өлкө боюнча 3-сентябрга карата вакцинанын биринчи дозасын жалпы 690 миң 997 киши, экинчи дозасын 463 миң 430 киши алды. Ал арада бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 175 учуру катталып, 5 киши каза болду.

Учурда өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik V жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамдарды өздөрүн жана жакындарын коргоо үчүн COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат.