Президент Жапаров социалдык жөлөкпулду көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койду

Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы президент 2021-жылдын 1-октябрынан жана 2022-жылдын 1-январынан тартып айрым кыргызстандыктарга ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койгонун билдирди. Президент жөлөкпулду көбөйтүүгө ниетенип жатканын Эгемендүүлүк күнүндө сүйлөгөн сөзүндө да айткан.

Социалдык жөлөкпул «бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана балдарга социалдык жактан колдоону күчөтүү максатында» жогорулайт.

2021-жылдын октябрындагы жогорулатуу

Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып калктын сегиз тобунун жөлөкпулу 50% га көбөйөт.

Алар:

  • ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга [4 миңден 6 миң сомго чейин];
  • майыптыгы бар балдар [4 миңден 6 миң сомго чейин];
  • атасынан же энесинен айрылган балдарга [миңден 1,5 миңге чейин];
  • атасы менен энесинен айрылган балдарга [2 миңден 3 миңге чейин];
  • бала кезинен I топтогу майыптыгы барлар [4 минден 6 миңге чейин];
  • бала кезинен II топтогу майыптыгы барлар [3300 сомдон 4950 сомго чейин];
  • бала кезинен III топтогу майыптыгы барлар [2700 сомдон 4050 сомго чейин];
  • атасы менен энеси белгисиз балдарга [2 миңден 3 миң сомго чейин].

2022-жылдын 1-январынан тартып ушул эле жөлөкпул 2021-жылдын 1-октябрына чейинки өлчөмүнөн дагы 100%га көбөйөт. Ошондо кыргызстандыктар төмөнкүдөй жөлөкпул ала баштайт:

  • ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар — 8 миң сом;
  • майыптыгы бар балдар — 8 миң сомго чейин;
  • атасынан же энесинен айрылган балдар — 2 миң сом;
  • бала кезинен I топтогу майыптыгы барлар — 8 миң сом;
  • бала кезинен II топтогу майыптыгы барлар — 6600 сом;
  • бала кезинен III топтогу майыптыгы барлар — 5400 сом.

Жарандандардын дагы эки категориясы үчүн 2022-жылдын 1-январынан тартып жөлөкпулдун өлчөмү 200%га көбөйөт. Атасынан же энесинин да айрылган балдар, же ата-энеси белгисиз балдар 2 миң сомдун ордуна 6 миң сом ала баштайт.

Мындан сырткары, жарлык «багуучусунан айрылган учурда балдардын ар айлык жөлөкпулу көбөйгөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын социалдык фонду тарабынан багуучусунан айрылган учур боюнча пенсияларды теңдөөгө» тиешелүү чараларды көрүүнү шарттайт.

Төлөмдөр үчүн каражат кайдан алынат?

Жарлыкка ылайык, социалдык жөлөкпулдун каржылоо булагы — «республикалык бюджеттин каражаттары».

«2021-жылдын 1-октябрынан тартып жөлөкпулдардын өлчөмүнүн 50%га жогорулашы менен кошумча муктаждык 452,8 млн сомду түзөт, 2022-жылдын 1-январынан тартып социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 100%га көтөрүлүп, кошумча жылдык муктаждык 3590,9 миллион сомду түзөт», — деп белгиленген документте.

Андын тышкары, багуучусунан айрылгандардын пенсиясы жогорулагандыктан, Соцфондго да кошумча каражат керек болот. Мындан улам, ушундай пенсияны көбөйтүүгө 1-октябрдан тартып 138,0 млн сом жана 2022-жылдын 1-январынан тартып жогорулатуу үүн – 970,0 млн сом талап кылынат.

Мындан улам 3,5 млрд сомдон ашык каражат жумшоого туура келет.