Жалал-Абадда 48 жаштагы мас киши милиция бөлүмүндө каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Мундуз айылында жайгашкан Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмүндө 48 жаштагы киши каза болду. ОИИБден киши «өз ажалы менен каза болгонун» айтышканы менен өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Милициянын маалыматына ылайык, 31-август күнү кечки саат 21:30 чамасында Мундуз айылындагы дүкөндөрдүн биринин ээси «мас абалындагы киши тынчтык бербей жатканын айтып» аймактык милицияны чакырган.

Жерине нөөмөтчүнүн жардамчысы барып, мас кишини милиция бөлүмүнө алып келген. Кармалган киши «өзүн жаман сезип жатканын» айтып, суу сурап ичкен. Мындан улам милиционер айылдын тез жардам бөлүмүнүн нөөмөттөгү дарыгерин чакырган. Ал келип биринчи жардам көрсөтө баштаганда «белгисиз себептен улам» каза болуп калган.

Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жетекчиси Эрнис Сатаров, Сузак районунун прокурорунун орун басары Мирбек Тажибаев жана ведомство кызматкерлери окуя болгон жерге барып соттук-медэксперттин катышуусунда сөөккө кароо жүргүзгөн. Милиция анда маркумдун денесинде «жарааттар байкалган эмес» дейт.

Маркумдун аты-жөнү аныкталып, ал Базар-Коргон районунун тургуну экени белгилүү болгон. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалгандан кийин сөөктү туугандарына өткөрүп беришкен.

Аталган факт КЖБРге «Табылган өлүк» беренеси менен катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.