Жогорку аттестациялык комиссия «улуттук» деп өзгөртүлүп, президентке баш ийди

Президент Садыр Жапаров 3-сентябрда «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Бул жарлык менен мамлекет башчысы Билим берүү министрлигинин алдындагы өкмөткө караштуу Жогорку аттестациялык комиссияны (ЖАК) Президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссияга өзгөрттү. Бул комиссия мындан ары мамлекет башчысына баш ийет дегенди түшүндүрөт.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы бул «илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын өнүктүрүү максатында» жасалганын белгиледи.

Жогорку аттестациялык комиссия эмне иш кылчу эле?

Жогорку аттестациялык комиссия — мамлекеттик коллегиялык илимий-эксперттик орган. Комиссия жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо менен алектенет жана аларга илимий даражаларды жана наамдарды ыйгарат. Ал ошондой эле диссертациялык жана эксперттик кеңештердин ишин уюштурат.

ЖАКтын жекече курамы премьер-министринин буйругу менен бекитилет.

Бул президент мурда өкмөткө баш ийген мамлекеттик органды өзүнө караштуу кылып өзгөрткөн алгачкы учур эмес. 16-июлда Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Бул жарлык менен президент өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институтун «мамлекеттик башкарууну натыйжалуу» кылыш үчүн президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып кайра түзгөн.

Ага ылайык, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аткаруу бийлигин жетектеген президентке, анын ичинде министрлер кабинетинин төрагасына түз баш ийет.