Жогорку сот Ахматбек Келдибековго төрт жыл мурун чыккан өкүмдү жокко чыгарды

Ахматбек Келдибеков 23-августта президент Садыр Жапаров тарабынан ардак грамота менен сыйланган

Жогорку сот 18-августта экс-спикер Ахматбек Келдибековго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы 3-сентябрда маалымдады.

Келдибеков 2016-жылы «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 10 млн сом айып пулга жыгылган. Анда сот Келдибеков Москвада Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн «мыйзамсыз ачкан» деп аныктаган. Ал эми Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, өкүлчүлүктү камсыздоого казынадан 10 миллион сом жумшалган. Келдибеков айыпты төлөп берген.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Келдибеков бул ишти «жаңы ачылган жагдайлар боюнча» кайра кароо өтүнүчүн келтирген. Башкы прокуратура бул өтүнүчтү колдоого алган.

Келдибековго козголгон иштер жана «Ата-Журт»

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2013-жылдын 20-ноябрында ошол кезде «Ата-Журт»* партиясынан парламентте депутат болуп турган Ахматбек Келдибековду «коррупция» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектеп кармаган.

*«Ата-Журт» партиясын учурдагы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев негиздеген.

Анда тергөө органдары Келдибеков 2008-2010-жылдары Салык кызматын жетектеген кезинде ыктыярдуу патенттин негизинде салыктарды чогултуу функцияларын «Бизнес партнер» аталыштагы жеке компанияга «мыйзамсыз берип салган» деп билдиришкен.

Ошондой эле атайын кызмат Келдибековду 2005-жылы Социалдык фондду жетектеп, «жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен көчүрмөлөрдү басып чыгаруу» үчүн «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сомду «мыйзамсыз» бөлүп берүүгө шектеген.

Мындан сырткары ага Жогорку Кеңештин Москва шаарында атайын өкүлчүлүгүн «мыйзамсыз негиздеген» деген айып тагылган. Ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова аткаминердин аракеттеринен улам мамлекетке 40 млн сомго чукул зыян келтирилгенин билдирген. Прокуратура Келдибековдун мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга кесүүнү өтүнгөн.

2015-жылдын август айында Келдибековдун соцфонддогу иши «мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу» кыскартылган. Ошондой эле экс-спикер ошол эле жылдын ноябрь айында Салык кызматындагы коррупцияга байланыштуу иш боюнча акталган.

Ал эми Келдибеков Биринчи май райондук соту тарабынан «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 млн сом айыпка жыгылган. 2016-жылдын март айында Бишкек шаардык соту айыптын өлчөмүн 10 млн сомго чейин жогорулатып, Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Мындан улам Келдибеков 2017-жылдагы президенттик шайлоого да катыша албай калган — анда Боршайком аткаминердин соттолгондугу жоюла электигине байланыштуу шайлоого каттабай койгон.

Арадан үч жыл өтүп Келдибеков 2020-жылдын октябрь айында Матраимовдордун кланы менен байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Мындан сырткары, бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов Келдибековдун уулунун «өкүл атасы».

Анткен менен парламенттик шайлоо учурундагы көптөгөн мыйзам бузуулар саясий толкундоолорго, кийинчерээк бийликтин алмашуусуна алып келген. Төңкөрүштүн натыйжасында бийликке Келдибековдун мурдагы партиялаштары Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев келишкен. Жапаров президент болду, Ташиев УКМКны башкарып атат, ал эми Курманкул Зулушев Башкы прокуратураны жетектеп жатат.


Ал эми үстүбүздөгү жылдын 23-августунда президент Келдибековду «Кыргызстандын Олимпиадага катышуусуна зор салым кошкондугу үчүн» ардак грамота менен сыйлаган. Келдибеков — оор атлетика федерациясынын президенти.