Олимпиада-2020: Аткезчилик боюнча соттолгон экс-депутат жана экс-спикер президенттен сыйлык алышты

Асылбек Дамир уулу / Ахматбек Келдибеков

Президент Садыр Жапаров 23-августта «Ала-Арча» резиденциясында Олимпиадага катышкандарды сыйлоо аземинде экс-спикер, оор атлетика федерациясынын президенти Ахматбек Келдибеков менен экс-депутат, күрөш федерациясынын вице-президенти Дамирбек Асылбек уулуна да ардак грамота тапшырды.

Алар «Кыргызстандын Олимпиадага катышуусуна зор салым кошкондугу үчүн» сыйланганы айтылды.

Келдибеков 2010-жылы декабрда Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланып, бул кызматта 2011-жылдын декабрына чейин иштеген. 2015-жылы Келдибеков «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 10 млн сом айып пулга жыгылган. Ошондой эле, ал «Коррупцияга» беренеси боюнча да айыпталып, бирок кийинчерээк акталган.

Экс-спикер Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев негиздеген «Ата-Журт» партиясынан шайланган. Ал эми 2020-жылы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Келдибеков Матраимовдорго тийиштүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аттанган.

Асылбек уулу жана дагы Кыргызстандын эки жараны 2018-жылы Казакстанда «Транс улуттук уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө», «Экономикалык аткезчилик» беренелери боюнча шектелип кармалышкан. Алматынын атайын соту 2019-жылы Асылбек уулун 10 жылга кесип, Кыргызстанга өткөрүп берген. Бирок ал абакта 1,5 жыл отургандан кийин эле ага мунапыс берилип бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аткезчилик боюнча 10 жылга кесилген экс-депутатка мунапыс колдонулуп, абактан бошотулду

Болгария досьеси, 2-бөлүк: Келдибеков коррупцияга айыпталып жатканда анын жубайы Кара деңизден кантип жер сатып алган?