Коронавирус: Кыргызстанда илдеттин 154 жаңы учуру катталды, беш адам көз жумду

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавируска кабылган беш бейтап көз жумду.

Өлкө боюнча ооруу жуктуруунун 154 жаңы учуру катталды. Көпчүлүгү Бишкек шаарында — 63. Жуктуруунун жаңы учурдары Ысык-Көл облусунда дагы көбүрөөк — 42.

Чүй облусунда 22 адам илдетке кабылса, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жетиден учур аныкталган. Нарын облусунда беш адам коронавирус жуктурган.

Ош шаарында ооруу жуктуруунун бир учуру катталды, ал эми Ош облусунун аймагында COVID-19 жуктургандар болгон жок.

Андан тышкары, сутки ичинде 135 адам оорудан айыгып чыкты, дагы 918 адам ооруканада дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери илдетке кабылгандардын саны 176 347ге жетти, алардын ичинен 170 396сы сакайып, 2 546 адам көз жумду.

Кыргызстандын бийлиги калкты эмдөөгө үндөп жатат. Сутка ичинде 15 062 адам вакцина алды, анын ичинен 5 572 киши биринчи дозаны сайдырса, 9 490 киши экинчи дозаны алды.