Билим берүү министрлиги: Окуучуларга беткап тагынуу сунушталат, бирок милдетүү талап эмес

Жаңы окуу жылында мектепке беткап тагынуу талабы коюлбайт. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Гүлшан Абдылдаева. Сүрөт: АКИpress.

«Бет кап тагынуунун дагы өзүнүн эрежелери бар. Балдарга милдеттүү деп айткан учурда дагы алар 5-6 күн бир масканы чечпей кийиши мүмкүн. Аны көзөмөлдөө кыйын. Ошондуктан биз маска боюнча сунуштама гана берип жатабыз, — деди Абдылдаева.

Ошентсе да, санитардык нормаларды сактоо уланат. Билим берүү министрлигинен белгилешкендей, мектеп окуучулары колдорун жууп, антисептик колдонууга тийиш.

Билим берүү министрлигинин жооптуу адиси Айнура Кусеинова жаңы окуу жылында «ата-энелердин жоопкерчилиги өтө маанилүү» экенин белгиледи.

Айнура Кусеинова. Сүрөт: «Кабар».

«Күн сайын баланын абалына көңүл буруу керек. Эгерде ата-энелер баласы өзүн начар сезип жатканын байкаса, ошол күнү аны мектепке жибербей эле койгону жакшы. Ошондой эле чоңдордун дагы мектепке баруусуна чектөө киргизилген», — деп билдирди ал.

Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бардык мектептер оффлайн режимде иш алып барат.

2020-жылдын 8-апрелинен тартып Кыргызстандагы бардык студенттер менен мектеп окуучулары коронавирус пандемиясынан улам онлайн режимде билим алууга аргасыз болушкан.

Тема боюнча:

Жаңы окуу жылы 15 күнгө кеч башталат — минкаб

«Чыдабай калдык». Онлайн окутуу ата-энелерди балдарын сабоого жеткирди — изилдөө