COVID-19: Төрт адам каза болуп, 109 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын 6-сентябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 109 жаңы учуру катталды. Төрт адам каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

Бишкек шаары – 36;

Чүй облусу – 31;

Ысык-Көл облусу – 29;

Жалал-Абад облусу – 5;

Нарын облусу – 4;

Талас облусу – 2;

Баткен облусу – 1;

Ош шаары – 1;

Ош облусу – 0.

Ошондой эле, акыркы суткада 101 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Ушуну менен өлкө боюнча 170 624 киши оорудан айыкты. Учурда ооруканаларда 845 бейтап дарыланып жатат. Ал эми 1109 адам үй шартында дарыланууда.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган төрт бейтап каза болду. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери илдеттен жалпы 2554 киши көз жумду.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 6-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 10 91 адам, ал эми экинчи дозасын 19 08 адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.