Бактыбек Бекболотов коргоо министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров 6-сентябрда Бактыбек Бекболотовду жаңы коргоо министри кылып дайындады.

Буга чейин өлкө башчысы башка жумушка дайындалганына байланыштуу Таалайбек Өмүралиевди ээлеген кызматынан бошоткон. Бирок аткаминердин кайсыл кызматка дайындалганы белгисиз.

Бекболотов деген ким?

Бактыбек Бекболотов. Сүрөт: «Азаттык»

Ачык булактарда Бактыбек Бекболотов жөнүндө маалымат аз. ЖМКлардын маалыматына ылайык, ал Куралдуу күчтөрдүн полковниги. 2008-2009-жылдары Улуттук гвардиянын штаб башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Ал ошондой эле 8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын командири болгон. Андан тышкары, Кыргыз фонддук биржасынын маалыматына ылайык, Бекболотов «Бишкек машина куруу заводу» АК башкармалыгынын төрагасы.