УКМК: Бишкекте жол кайгуул кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы 7-сентябрда Бишкекте милициянын жол кайгуул кызматкери пара опузалоого шектелип кармалганын кабарлады.

Тергөөнүн маалыматына караганда, кармалган милиция кызматкери менен анын таанышы бир жарандан 100 миң сом параза опузалашкан. Алар аны зордуктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыласың деп коркуткан.

Текшерүү учурунда жабырлануучуга карата зордуктоо фактысы же башка мыйзам бузуулар катталбаганы аныкталган.

Колго түшкөн милиционер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, «Пара талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Иликтөө иштери уланып жатат.