Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү: Айдоочуга ок чыгарган милиционер иштен алынды

Иллюстративдик сүрөт

Бишкекте айдоочуну атып өлтүргөн патрулдук милиционер, сержант «Д.Ж.» ички иштер органдарынан биротоло кетирилди. Буга милиционердин «ок атуучу курал менен пайдалануунун эрежелерин сактабоосу жана ички иштер органдарынын регламентин тиешелүү деңгээлде билбөөсү» себеп болгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, натыйжада жалпы 22 кызматкер жазага тартылды.

«Бир кызматкер ички иштер органдарынан биротоло кетти, тогуз кызматкер кызматтан алынды, 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды», — деди ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев.

Абдыраевге ок чыгарган сержант «Д.Ж.», ошондой эле Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары «А.Н.», полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору «Б.Э.» жана «Б.А.» УКМКнын тергөө абагында кармалып турушат.

Окуя кандай болгон?

Бишкек шаарынын Жибек-Жолу — Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде 27-августта патрулдук милициянын кызматкери 32 жаштагы Чыңгыз Абдыраевге ок чыгарып, ал ооруканага жетпей каза болгон.

Милициянын маалыматынын маалыматы боюнча, алгач патрулдук милициянын кызматкерлери каршы тилкеде келе жаткан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Ал эми жол эрежелерин бузуу тууралуу протокол түзүлүп жатканда айдоочу кетип калып, кийинчерээк кайра кайтып инспектор менен чырдаша кеткен. Ошол маалда инспектор куралын алып чыгып айдоочуну көкүрөк тарабына аткан.

Ошол эле күнү Бишкек ШИИББи «ок кокусунан атылганын, ал эми айдоочу чагым жасаган» деп билдирген.

Окуя болгон күнү кечинде маркумдун достору видео кайрылуу жасап, Чыңгыз Абдыраев «инспекторлорго каршылык көрсөтпөгөнүн» жана «милиционердин куралын тартып алууга аракеттенбегенин» билдиришкен. Ошондой эле алар маркумдун апасы жалгыз баласын жоготконун баса белгилешкен.

Кийинчээрек маркумдун сүйлөшкөн кызы дагы коомчулукка кайрылуу жасаган. Ал жигитин күнөөлөбөөнү суранган. Анын айтымында, окуя анын көз алдында болгон. Маркум менен инспектор жөн гана кайым айтыша кеткенден кийин милиция кызматкери ага ок чыгарганын айтып берген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачты. Ал эми Абдыраевдин сөөгү 29-августта жерге берилген.