COVID-19: Эки адам каза болуп, 104 жаңы учур катталды

Өлкөдө 9-сентябрга карата коронавирустун 104 жаңы учур катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

Бишкек шаары - 61;

Чүй облусу – 16;

Ысык-Көл облусу – 9;

Жалал-Абад облусу – 7;

Баткен облусу - 4;

Талас облусу - 3;

Нарын облусу - 3;

Ош шаары - 1;

Ош облусу – 0.

Ошондой эле, акыркы суткада 137 адам коронавирустан айыгып чыкты. Өлкө боюнча COVID-19 дартынан айыккандардын жалпы саны саны 171 048. Учурда 698 адам ооруканада, ал эми 1122 адам үй шартында дарыланууда.

Мындан сырткары, акыркы суткада эки бейтап бул илдеттен каза болду. Пандемия башталгандан бери жалпы 2563 адам вирустан көз жумду.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, акыркы суткада COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 5990 адам, ал эми экинчи дозасын 7253 адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.