Вице-мэр Мозгачева: Бишкекте мектеп окуучулары милдеттүү түрдө беткап тагынат

Жаңы окуу жылында борбор калаада мектеп окуучулары милдеттүү түрдө беткап тагынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева 10-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын отурумунда айтты.

«Албетте, беткап тагынып жүрүү ыңгайсыз. Бирок вирус кайрадан жайылып кетсе, буга ким жооп берет? Мектептерде бир класста 35-40 окуучу окуйт, ошондуктан социалдык аралыкты дагы сактоо кыйын. Бул боюнча министрлер кабинетине маалымат жөнөттүк», — деди Мозгачева.

Ошондой эле, Бишкектеги мектептерде дезинфекциялоочу затка чыланган килемдер жана антисептиктер коюлат. Дагы бир эреже мугалимдерге тиешелүү: алар коронавируска каршы эмдөө алышы керек.

Мозгачеванын айтымында, буга чейин Бишкектин мектептериндеги мугалимдердин 70%дан ашыгы эмдөөдөн өткөн.

Буга чейин Билим берүү министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева жаңы окуу жылында мектеп окуучулары окуу учурунда беткап кийүүнүн кажети жок экенин айткан болчу.

«Маска кийүү кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ. Маал -маалы менен масканы алмаштырып туруу үчүн ар бир баланы көзөмөлдөө абдан кыйын», — деп түшүндүргөн Абдылдаева.

Быйыл окуу жылы 15 -сентябрда башталат. Бардык мектептер оффлайн режимине кайтып келишет. 2020-жылдын 8-апрелинен тарта Кыргызстандын бардык студенттери жана мектеп окуучулары COVID-19 пандемиясынан улам онлайн билим берүүгө өткөн.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Билим берүү министрлиги: Окуучуларга беткап тагынуу сунушталат, бирок милдетүү талап эмес