Бишкектеги №1 тергөө абагынан качып кеткен шектүү кармалды

Сүрөт: «Акипресс»

10-сентябрда Бишкек шаарындагы №1 тергөө изоляторунун алдында качып кеткен айыпталуучу Адилет Сагынбеков Теңдик жаңы конушунан кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сагынбеков «Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерин коркутуу же ага карата зомбулук кылуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүүдө. Бул ишти Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту карап жатат.

Күч органдары Сагынбековду сотко жеткирүү үчүн аны №1 тергөө абагынан Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына которгон. Ал эми саат 16:00 чамаларында Сагынбеков Ысык-Ата райондук милициянын коштоосунда тергөө абагына кайтарылып жатканда ал имараттын жанынан качып кеткен.

Соттолуучуну издөө иш- чарасына Чүй ОИИБинин, Бишкек ШИИБнин өздүк курамы жана Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматы тартылган. Натыйжада Сагынбеков Теңдик конушунан колго түшүрүлүп, тергөө абагына кайтарылган.