БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов эки айга камакка алынды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов «Алдамчылык» беренеси менен 11-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүлү Айзада Момунова билдирди.

«Акылбек Эшимовдун бөгөт чарасы каралып, “Алдамчылык” беренеси менен эки айга УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат. Эгерде эки айга чейин тергөө иштери бүтпөй калса, анын бөгөт чарасы кайрадан каралып, камакка алуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн», — деп билдирди Момунова.

Акылбек Эшимов

Буга чейин, 11-сентябрда УКМК БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду «А.Д.» аттуу жарандын арызынын негизинде «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектеп кармаган.

Арыз ээси Эшимов андан «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде аны «биринчи бештикке киргизип берүүнү» убадалап, 550 миң доллар алганын жазган. Эшимов убадасын аталган партиянын лидери менен сүйлөшүү аркылуу аткармакчы болгон.

«Эшимов менен партиянын лидери өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, 550 миң доллардын 300 миңин кайтарып берип, калган 250 миң долларын өздөрүнө алып калган», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

Акылбек Эшимов 2016-жылдан бери Боршайкомдун мүчөсү. 2021-жылы БШКнын мүчөлүгүнө Эшимовдун талапкерлигин «Кыргызстан» фракциясы сунуштаган. Ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында «Республика» партиясынан депутат болгон.