COVID-19: Жаңы 68 учур катталып, эки адам каза болду

Өлкөдө 13-сентябрда коронавирустун 68 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары – 31;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Нарын облусу – 4;
  • Баткен облусу – 3;
  • Ош шаары – 3.

Мындан сырткары, акыркы суткада 95 адам коронавирустан айыгып чыкты. Өлкөдө COVID-19 дартынан айыккандардын жалпы саны 171 523кө жетти. Ал эми учурда 649 киши ооруканада, 2 021 киши үй шартында дарыланууда. Пандемия башталгандан бери 2 574 адам вирустан көз жумду.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 647 адам, ал эми 679 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.