Ротация: Ош мэриясынын аппаратын Камчыбек Досматов жетектейт

Камчыбек Досматов Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Аталган буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол коюп, 13-сентябрда Досматов жамаатка тааныштырылды.

Буга чейин аталган кызматты Жалил Осмонов жетектеп келген. Ал экс-мэр Таалайбек Сарыбашовдун жердеши болгондуктан мэрияда иштеши сынга кабылган.

Досматов бул кызматка чейин президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп турган. Ал президент Садыр Жапаровдун «КР Президентинин администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо» жөнүндө жарлыгына ылайык Ош мэриясына келди.

Досматов өзү 34 жашта, Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Бир нече жыл мамлекеттик жана муниципалдык ведомстволордо кенже кызматтан жогорку кызматтарга чейин иштеген.

Ошондой эле Ош облустук администрациясында башкы адис, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинде төрага болгон. Акыркы жылдары президенттин аппаратынын бир топ бөлүмдөрүндө эксперт, жетекчинин орун басары, инспектор кызматтарын аркалап келген.

Ал мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.