Президент «Танк биатлону» жана «Десанттык взвод» мелдешинин жеңүүчүлөрүн сыйлады

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 14-сентябрда Эл аралык армия оюндарынын «Танк биатлону» жана «Десанттык взвод» мелдештеринде жеңишке жеткен Кыргызстандын аскерлерин сыйлаганын билдирди.

Жапаров аскер кызматкерлерине энчилүү кол саат, айрымдарына өлкө башчысынын атынан ыраазычылык кат тапшырды. «Танк биатлону» жана «Десанттык взвод» мелдештеринде жеңишке жеткен командага президенттин резервдик фондунан сый акы катары 1 880 миң сом да бөлүндү.

Кыргыз аскерлери 3-сентябрда Орусияда өткөн «Танк биатлону-2021» мелдешинин финалында биринчи орунду багындырган. Мелдеш Москва районундагы Алабино полигонунда өткөн.

Мелдешке Африка, Азия жана Европадан 19 команда катышып, эки дивизионго бөлүнгөн. Кыргызстан экинчи дивизиондогу командалардын арасында болгон.

Мелдештин эрежесине ылайык, эстафетанын финалына жарым финалдык эстафетада эң жакшы көрсөткүчкө ээ болгон төрт команда катышат. Экинчи дивизияда Кыргызстан, Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетиянын аскерлери финалга чыгышкан.

Биатлондун бул баскычында ар бир танк экипажы 50 километрдик жолдогу тоскоолдуктарды жеңип өтүү менен 24 бутаны жок кылышы керек болчу. Кыргызстандын курама командасы тапшырманы мыкты көрсөткүчтө аткарган — танкисттер белгиленген аралыкты 2 саат 16 мүнөт 51 секундда басып өтүшкөн.

«Танк биатлону» эл аралык мелдеши 2013-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул таймашта жеңишке жетүү менен кыргыз командасы биринчи дивизионго жолдомо алды. Кийинки жылы Кыргызстан Орусия, Казакстан жана Кытайдын командалары менен таймашат.