Бир видео менен: Марипов мектеп окуучуларына сабак өттү

Минкабдын башчысы Улукбек Марипов 15-сентябрда биринчи окуу күнүндө 11-класстын окуучулары үчүн жеке өзү сабак өтүүнү чечти.

Сабак учурундагы видеону Марипов фейсбук барагына жайгаштырды.

Видеонун алдына минкабдын башчысы Чүй облусундагы Кашка-Суу айылынын мектеп окуучуларына сабак өткөнү жазылган. Анда Марипов Кыргызстандын эгемендүүлүгү тууралуу айтып берген.

Өлкө боюнча мектеп окуучулары менен студенттер COVID-19 пандемиясы башталып, чектөөлөр киргизилгенден кийин дээрлик эки жылдан соң офлайн-окууга кайтып келишти. Бул убакыт аралыгында студенттер менен мектеп окуучулары онлайн тартипте окуп жатышкан.

Өлкө бийлиги «өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу билим сапатын камсыздоо үчүн офлайн режимге этап этап менен өтүү максатында» жаңы окуу жылын 15-сентябрда баштоону чечкен.

Мындан тышкары, минкабдан окуу жылынын башталышын жылдыруу жайкы туристтик сезондун уланышына өбөлгө болуп, ал туризм тармагын калыбына келтирүүгө оң таасир берерин белгилешкен.