Түп районунда алты жана төрт жаштагы наристе өрттөн каза болду

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булуң айылында эки наристе өрттөн каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 14-сентябрда катталган. Анда турак үйдүн короосундагы 600 түк чөп өрттөнүп, тилсиз жолунун кесепетинен 6 жана 4 жаштагы балдар көз жумган.

Turmush басылмасы каза болгон эки наристе өзү теңдүү балдар менен сарайдын ичинде ойноп жүргөн учурда өрт чыкканын жазды. Кошунанын эки баласы сыртка чыкканга үлгүргөн, ал эми эки наристе чыга албай калган.

Кырсык болгон жерге Түп районунун өрт өчүрүү кызматы барган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.