«Дамбасын көчүрсүн». Чаткалдыктар алтын казган компанияга каршы митингге чыкты

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 100дөн ашуун тургундары 15-сентябрда алтын иштеткен компанияга жана бийликке нааразы болуп, бир нече талаптары менен митингге чыгышты.

Алар Чаткалда алтын казган «Вертекс Голд» ЖЧКсынын калдык сактоочу дамбасы булактын үстүнө курулуп жатканын айтышып, аны башка жакка көчүрүүнү талап кылышты. Тургундардын айтымында, алар буга чейин аталган компаниянын ишинин мыйзамдуулугун кароону өкмөткө талап кылып кат жолдошкон, бирок бийликтен жооп болгон эмес.

«Компания мыйзамдуу иштеп атабы — аны бирөөсү да текшерип койгон жок. Дамбасын болсо суунун үстүнө куруп алган. Айылга көчкү түшүп кетүү коркунучунда турат. Элдин саламаттыгы үчүн ким жооп берет? Биз башында эле кургак жерге кургула деп айтканбыз, атайын ошол суунун үстүнө курушту. Тургундар ошол сууну ичебиз, элдин ден соолугуна зыяны тиет да. Кийин майыптар төрөлүп калышы мүмкүн. Биз компаниянын ишин токтотпойбуз бир гана дамбасын башка жакка көчүрсүн», — деди Бөрүбаев «Клоопко» курган маегинде.

Митингдин дагы бир катышуучусу Ойгонбай Андашов «Клоопко» эгерде «Вертекс Голд» чыгарган зыяндуу заттар дамбадан ашып дарыяга түшсө, анда Өзбекстан менен «чоң чыр чыгып кетиши ыктымал» деген пикирин билдирди.

«Чаткал дарыясынан райондун тургундары суу ичебиз, андан ары Өзбекстанга өтөт. Эгерде дамбадагы зыяндуу калдыктар дарыяга түшө турган болсо анда Өзбекстан менен согуш чыгат. Муну эске алган эмес», — деди ал.

Андашов дагы дамбаны кургак жерге көчүрүү керектигин айтып, учурда алтын казуучу компания жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул маселени карап жатканын билдирди.

«Баары изилдеп чыккандан кийин бизге уруксат берилген»

Митингчилерге «Вертекс Голд» ЖЧКсынын директору Абдыкубат Баялинов чыкты. Ал дамба салынып баштаганда мамлекеттик органдар изилдөө иштерин жүргүзүп, уруксат бергенин билдирди.

«Биз [дамбаны] салып баштаганда тиешелүү мекемелер изилдөө жүргүзгөн. Комиссия түзүлүп 12 айыл өкмөт кошулган. Мындан сырткары ӨКМ, мамлекеттик архитектура жана башкалары кошулган. Баары изилдеп чыккандан кийин бизге уруксат берилген. Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаттары дагы документтерди карап чыгышкан. Биз аларга “көз карандысыз эксперттерди алып келгиле ошолор текшерсин, эгерде кайсы жери туура эмес болсо кайра башынан карап чыгалы” дегенбиз. Ошонун чечими чыкканда карап чыгабыз», — деп элге жооп узатты компаниянын директору.

Тургундардын айтымында, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттык комиссия сы «Вертекс Голддун» ишмердүүлүгүн текшерип, «дамба коопту экен» деген корутунду чыгарган. Тургундар компаниянын директоруна «биз ошол корутундунун негизинде келип талап кылганга укугубуз жок бекен?» деп суроо узатышты. Бирок компаниянын директору жана башка өкүлдөрү элдин суроосуна жооп бере алган жок.

«Вертекс Голддун» ишин териштирген депутаттык комиссия

Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда «Вертекс Голддун» ишмердүүлүгүн текшерген парламенттик комиссиянын төрагасы Тариэл Жоробеков жыйынтыктоочу отчётту берген. Анда Жоробеков компаниянын калдыктарды сактоочу жайы кооптуу жайда жайгашканын билдирип, алтын рудалары чет өлкөгө чыгарылганына көңүл бурган.

Ошондой эле депутат компаниянын кемчиликтерин иликтөө үчүн тийиштүү органдарга сунуштама жиберилгенин кошумчалаган.

«Элдин негизги талабы компаниянын ишмердүүлүгүн жана экологияга тийгизген таасирин изилдөө болчу. Комиссиянын мүчөлөрү Чаткалга барып, калдык сактоочу жай чындап эле элге коркунучу бар экенин байкадык. Мындан башка кенди иштетүүдөгү айрым кемчиликтерди байкадык. Булар боюнча комиссия токтом долбооруна киргизген», — деген Жоробеков.

«Вертекс Голд» ЖЧКсы Чаткал районунда 2011-жылдан бери Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетип келет. Жамгыр кенинде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган. Аталган компанияда учурда 800 адам иштейт, аларын арасында район тургундары дагы бар.

Чаткалдыктарды чарчаткан көйгөй

Чаткал районунун тургундары алтын казган компанияларга биринчи жолу нааразы болуп, митингге чыккан жок. Буга чейин Терек-Сай айылынын 20дай тургуну 8-сентябрда нааразычылык билдирип жөө жүрүшкө чыгышкан. Алар алтын казган «Эти Бакыр Терексай» ишканасы эколлогияга «чоң зыян» келтирип жатканын айтып, тургундарга компенсация төлөп берүүсүн талап кылышкан.

Тургундардын айтымында, алар буга чейин да өкмөткө аталган компаниянын ишин токтотууну талап кылып кат жолдошкон, бирок көйгөй чечилген эмес. Алар маселеге чекит коюлбаса «көтөрүлүшкө чыгып, компаниянын ишин өзүбүз токтотобуз» деп айтышкан.