Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси: «Талибан» менен кызматташпай коё албайбыз

Мирослав Ниязов. Сүрөт: «Кабар» улуттук маалымат агенттиги 

Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов 17-августта AKIpress’ке маек куруп, өлкөдөгү кыргызстандыктар жана элчилик кандай иштеп жатканы тууралуу айтып берди.

Ал кыргыз бийлигинин «Талибан»* режимин таануусуу тууралуу кеп кылуу «эрте» экенин билдирди.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, элчи өзү учурда Бишкекте дарыланып жатат. Ал ооруканага жатканына бир жума болуп калды.

Ооганстандагы кыргыздар тууралуу

Элчинин айтымында, Ооганстанда жалпы-жонунан 14-15 Кыргызстандын жараны бар. Мурдараак ТИМ элчиге таянып, аталган өлкөдө 20 кыргыз жараны бар экенин, алар 21-августта эвакуацияланаарын билдирген.

«Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинде 9 жаран бар, дагы 5-6 адам мейманканаларда. Жарандарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу сандар өзгөрүүдө. 6 киши Америка аркылуу мекенине жөнөтүлдү, Казакстандан чартердик каттам күтүлүүдө. Биз алар менен дайыма байланышып турабыз», — деди ал.

*ТИМ 17августта Ооганстандан 9 кыргызстандык эвакуацияланганын кабарлаган. Андан бери эвакуацияланган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат айтыла элек.

Элчи Ооганстандагы этникалык кыргыздар тууралуу дагы айтып берди. Анын айтымында, алардын баары туруктуу жайгашкан жерлеринде жашап жатат, аларга карата эч кандай зомбулук фактысы катталган эмес.

«“Талибандын” өкүлдөрү дагы кыргыздар менен иштеп жатышат. Ооганстанда болгон согуштарда кыргыздар эч качан зордук-зомбулук фактыларына дуушар болгон эмес. Алар ээн-эркин жүрө алышкан. Буга эч бир режим таасир эткен эмес», — деди Ниязов.

«Талибан» режими жана Ооганстандагы кырдаал боюнча

Элчинин айтымында, дипломаттар «Талибан» согушкерлери менен байланышкан. Ал Кабулда ушул тапта төрт элчилик иштеп жатканын, анын бири Кыргызстандыкы экенин билдирди.

«Элчиликтин коопсуздугун талибдер камсыздайт. “Талибан” менен байланыш түзүүгө өз ара аракеттенүү жүрүп жатат, мунун алкагында зарыл болгон бардык уюштуруу маселелери чечилүүдө. Анткени мурунку сакчылар кетип калышкан. Эми талибдер өздөрүнүн күзөтчүлөрүн коюп жатышат», — деди ал.

Ал азырынча Кыргызстандын элчилигинин ишин токтотууга негиз болчу белгилер жоктугун кошумчалады.

Ниязовдун айтымында, Кыргызстан «“Талибан” менен кандайдыр бир кызматташууга барууга аргасыз», бирок кыргыз бийлиги тарабынан талибдердин режимин таануу-тааныбоо жөнүндө айтууга азырынча эрте.

«Албетте, кээ бир өлкөлөр муну тааныйт. Мисалы, Пакистан, Сауд Арабиясы жана башка араб өлкөлөрү таанышы мүмкүн. Бирок эл аралык деңгээлде таанылышы үчүн бир аз убакыт керек. Эгер андай болбосо, талибдердин өздөрүнө абдан кыйын болот. Анткени алар гуманитардык жана каржылык жардамга муктаж. Ошондуктан, талибдер өз позицияларын белдирүүдө өлкө үчүн да жоопкерчилик тартарын түшүнүшөт», — деп эсептейт ал.

Элчинин пикиринде, жакынкы күндөрү Ооганстанда ири масштабдагы кагылышуулардын болушу күтүлбөйт.

«“Талибан” Ооганстандын дээрлик бүт аймагын ээлеп алганы жалпыга маалым. Мен жергиликтүү чыр-чатактар ​​болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайм [...] Ал жерде 40 чакты көз карандысыз куралдуу уюмдар бар жана алар азыркы шартта кандай иш алып барарын алдын ала айтуу өтө кыйын», — деди Ниязов.

«Талибан» жоочуларынын Оганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышты.

Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Бул маалыматтын шартында, бир катар өлкөлөр Кабулдан элчилери менен элчиликтеги кызматкерлерин эвакуация кыла баштаган.

Өз жарандарын эвакуация кылуу тапшырмасын президент Садыр Жапаров дагы берген. Мындай тапшырманы Жапаров ТИМге берип, Ооганстандагы кыргызстардын коопсуздугун камсыздоону дагы буйруган.