УКМК: Centerra менен «Кумтор Голд Компанинин» мурдагы башчыларына издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы Кумтөр кенин казуудагы коррупцияга байланышкан иликтөө иштери уланып жатканын билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, тергөө учурунда Канаданын Centerra Gold Inc жана «Кумтөр Голд Компани» ишканаларынын топ-менежерлери 2013-жылы декабрда 200 млн долларды ыйгарып алууга тиешелери бар экенин тастыктаган «төгүнгө чыгарылгыс далилдер» алынган.

«Компаниянын жетекчилиги “Кумтөр Голд Компанинин” топ-менеджменти менен купуя бүтүмгө барып, компаниядан 200 млн доллар каражатты жасалма бересе катары чыгарып кеткен. Кийин ал акчаны дивидент катары эсептен чыгарган», — деп билдиришти УКМКдан.

Бул факт боюнча тергөө Centerra Gold Inc. компаниясынын мурдагы президенттери Ян Аткинсонду, «Кумтор Голд Компани» башкармалыгынын башчысы жана президенти Макл Фишер менен Андрей Сазановду, андан тышкары «Кумтор Оперейтинг Компанинин» финансы боюнча вице-президенти Жон Сютерди сыртынан кылмыш жоопкерчилигине тартып, издөөгө жарыялады.

Кумтөр кенине байланыштуу териштирүүлөр

Кумтөр кенинин айланасындагы чыр өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындагандан кийин бир нече айдан бери уланууда.

УКМК бул шартта «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу иш боюнча иликтөө баштап, андан кийин бир катар мурдагы жана азыркы чиновниктерди коррупцияга шектеп кармаган.

Мындан тышкары, кыргыз бийлиги менен Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда сот уланып жатат.

Centerra Gold компаниясынын туунду ишканалары — «Кумтөр Голд Компани» (КГК) жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» (КОК) 25-августта Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылышкан. Алар «Кумтөр алтын кенин мыйзамсыз басып алганы үчүн» Кыргызстандын өкмөтүн айыпка жыгууну өтүнгөн.

Centerra компаниясынын адвокаттары айыптын өлчөмүн күнүнө бир миллион доллар деп баалашкан. Ошондой эле, документте Кыргызстан соттун токтомун бузуп жатканы жана КГК менен КОКту аларга АКШнын банкротко учуратуу тууралуу кодекси камсыздаган коргоодон ажыртканы айтылган.

Айыптан тышкары, доо арызда Кыргызстандын өкмөтүнүн ишти кыскартуу аракеттерине тыюу салуу өтүнүчү келтирилген. Аны менен катар арызда «Кумтөрдүн» убактылуу сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн ыйгарым укуктарын жана Кыргызстанда өтүп жаткан соттук териштирүүлөрдү токтотуу талабы дагы бар.

15-сентябрда Нью-Йорктун банкрот иштери боюнча соту Centerra Gold Inc’тин адвокаттарынын Кумтөр кени боюнча доосун карап, Кыргызстандын өкмөтүнө санкция колдонуудан баш тарткан. Бирок кендин айланасындагы соттор муну менен бүтпөйт. Нью-Йорк сотундагы отурум октябрда уланат.